Өлкөбүздүн тышкы саясатында кадрдык жүрүштөр башталды. Кыргызстандын Россиядагы элчилигине экс-министр, дасыккан дипломат Аликбек Жекшенкулов барары маалым болсо, ал жактагы элчибиз Болот Отунбаев АКШга көчүк басары каңкууланды. Эсиңерде болсо, Болот Отунбаев буга чейин Германия, Россия сыяктуу үлкөн өлкөлөрдө элчи болуп, дипломатиянын бир катар мектептеринен өткөнүнө карабай (апчеси Роза Отунбаеванын аркасы менен) ишти тыңгылыктуу эптей албай жатканы эмнеси? Же баягы «мойнунан байланган ит ууга жарабайт» дегендей, эжесинин түртмөлөөсү менен карьера жасап көнгөн неме ишке келгенде чоркоктугун далилдеп жатабы? Андан көрө, билимдүү, заман талабына жооп берген жаш дипломаттарды жөнөтүшсө болбойт беле? Бу Отунбаев да кызык пенде экен, эжесинин этегине жармашпай, чет өлкөлөрдө колдон келген ишин кылып жүрө бербейби? Качанкыга чейин минтип күн көрөт?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ