Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеӊеште КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Бакиров Өмүрбек Мирзараимович ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Музаффар Исаковдун ордуна келди.
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Өмүрбек Бакировду депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ири ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, Өмүрбек Бакиров буга чейин «Ата-Журт» партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ