Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө-мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 23-январында кабыл алынган.
Аталган Макулдашуунун максаты ушул Макулдашууда камтылган чөйрөлөрдө кызматташууну камсыз кылуу аркылуу Тараптардын ортосундагы экономикалык мамилелерди андан ары өнүктүрүү үчүн негиздерди түзүү жана өз ара аракеттенүүнү жеңилдетүү болуп саналат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ