Кыргыздын аткаминерлеринин иш бөлмөсү ар кимисинин өз табитине жараша жасалгаланган. Кызыгы ошол иш бөлмөлөрдө ар кимдикинде ар башка улуу инсандардын портреттери илинген. Бул тууралуу атка минерлерибиз эмне дейт, өз ооздорунан угалы…
—Иш бөлмөмдө Алмазбек Атамбаевдин жана азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтү илинип турат. Анткени мен экөөнү тең баалайм жана сыйлайм. Мындан сырткары Манастын сүрөтү илинип турат. Манас баарыбыздын атабыз, биз аны сыйлап, барктап турбасак болбойт. Арбагы, руху мени колдоп жүрсүн деген максатта илдирип койгом. Негизи иш бөлмөмө Манастын сүрөтүн илдирем деген деле оюм жок эле. Бир күнү Каныбек Иманалиевдин кабинетинен ушундай сүрөт көрүп калдым. Анан мен да алып илип алдым.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ