Бүгүнкү күндө Конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүү маселеси дагы да болсо курч бойдон калууда. Текебаев ич күптүсүн мамлекеттик деңгзэлдеги көйгөйгө айлантып жиберди. Учурунда баш мыйзамды өзү өзгөртүш керек деп чуркап жүрүп, эми өзгөртүлбөсүн деп каршы чыгып жатканынын өзү эле хамелеондон артык кубула алаарын көрсөттү. Мына ушул референдумга байланыштуу эл өкүлү Анвар Артыков: “Референдумга каршы чыккандар – революция болуп кетсе мародерлук менен байып кетем дегендер”, – деп парламенттик жыйында жыландын башын чыгарды. Ансыз да талап-тоноочулук туурасында кеп козголсо куйкасы куруша түшчү Текебаевди бул сөз безге сайгандай эле кылды.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ