Футбол чемпиондор лигасынын биринчи жарым финалы өттү. Анын жыйынтыктары УЕФАнын расмий сайтында жарыяланды.
“Реал” өз талаасында “Атлетикону” 3:0 эсебинде утту. Үч топту тең атаандаштардын дарбазасына Криштиану Роналду киргизди.
Эки тайпа ортосундагы кийинки оюн 10-майда өтөт. Бүгүн, 3-майда “Монако” – “Ювентус” экинчи жарым финалда кездешмекчи.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ