Menu

Төрөбай Зулпукаров Кубатбек Бороновго: “Быйыл саясий шайлоону мыйзамдуу өткөрүшүңөр керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө.

“Быйыл саясий шайлоону мыйзамдуу өткөрүшүңөр керек. Кээ бирлери шайлоодон кийинки кырдаалды күчөтүүгө аракет кылышы мүмкүн. Кандай оор кырдаал болбосун, акыйкат чечим менен жумушуңарды мыйзамдуу аткаргыла. Бир дагы партияга басым көрсөтпөстөн иштеп кете аласыздарбы?” – деп сурады депутат Төрөбай Зулпукаров.

“Кечээ күнү көпчүлүк коалиция бизге ишеним көрсөткөндөн кийин, президент кабыл алды. Мамлекет башчынын биринчи талабы дагы акыйкат шайлоо өткөрүү болду. Биздин эркибиз бар, анын үстүндө иштейбиз. Буга чейин дагы ушундай штабдарда иштеп келгенбиз. Аны жүргүзгөнгө биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар”, – деп айтты Кубатбек Боронов.

Ошондой эле, Кубатбек Бороновдун сөзүн кошумчалап, Алмазбек Баатырбеков да таза шайлоо өткөргөнгө күч аракеттерин жумшаарын белгиледи.

“Тарыхты карап келсек, эки жолу шайлоодо элдин нааразычылыгы болгон. Андай мүчүлүштүктөрдү кетирбейбиз. Таза шайлоо өткөргөнгө болгон күч аракетибизди жумшайбыз”, – деди Алмазбек Баатырбеков.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: