Menu

Видео – Жылаңач кыздарды көрсөтүүгө жол бергени үчүн министрдин элден кечирим сурашын Аспеков талап кылды

Бөлүшүү:

27-ноябрда, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталып, анда эл алдына дырдай жылаңач кыздар чыгып, шок кылган. Алардын видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынды. “Мындай көрүнүш кыргыздын менталитетине каршы келет, аны уюштургандар жоопко тартылсын! Музейдин жетекчиси кызматтан кетсин!”,- деген талап жана чакырык менен активист жаран Мелис Аспеков бүгүн. 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акция уюштурган. Акцияга келген жарандарды министр Азамат Жаманкулов кабыл алып, талаптарын угуп, өз пикирин расмий билдирди. Анда Мелис Аспеков: “Ушул окуя болуп кетти. Ушуга маданият министрлиги күнөөлүүбү же жокпу? Элдин алдында кечирим сурайсыздарбы же жокпу?”,-деген суроону койду эле,  ага министр жооп кайтарды. Бирок, М.Аспеков анын жообуна канааттанбай, ММКлар аркылуу премьер-министр М.Абылгазиевге түз кайрылып, министр Азамат Жаманкуловго катуу эскертүү бериш керектигин айтты.

Министр коомчулуктан кечирим сурадыбы же жокпу, аны төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, 27-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде феминнале башталган. Ал 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган, иш-чара 17 күнгө созулмак. Ага баргандар жылаңач денесин көрсөткөн кыздарды көрүп шок болгон. Ошондой эле кир кыпчыткыч менен ич кийимдерди кыпчып илип, анда: “Аборт кылуу менин укугум” жана башка дагы коомчулукка, өзгөчө жаштарга терс таасирин бере турган сөздөр жазылганын окуп, ооздору ачылган. Ошого каршы акция бүгүн (2-декабрда) болуп өттү. Ага ар кайсы аймактан келгендер катышып. министрге мындан тышкары, буга чейин болуп келген терс көрүнүштөрдү эсине салды. Мисалы: итке калпак кийгизгенди жана жазында дагы ушундай көрүнүш болгонун, ага чара көрсөтүлбөгөнұн, ушундайга жол берип жаткан маданият министрлигинин шалаакылыгын баса белгилешти.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: