Билим берүү социалдык оорчулук эмес, а тескерисинче, экономикадагы рентабелдүү тармакка айланды. Ошондуктан билим берүү тармагына салынган инвестициялар өлкөнүн өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында билдирди.
Анын пикиринле, билим берүүгө инвестиция кылбаган коом өтө кыйын социалдык кесепеттерге кабылат.
«Бүгүнкү мезгил ааламдашуунун гана доору эмес, инновациялык изденүүнүн жана айыгышкан атаандаштыктын заманы экендигин баса белгилеп кетким келет. Ушундай атаандаштыкта биздин мектептер жана окуу жайларыбыз жөн гана адис-аткаруучуларды эмес, демилгелүү чыгармачыл, жогорку интеллектуалдуу адистерди даярдап чыгаруусу зарыл. Жаңыча ой жүгүртүп, мамлекетти өсүп-өнүгүүгө карай багыттай алган адистер – мезгилдин талабы. Телекоммуникация, компьютер жана интернет – кечээки заман! Азыр биотехнологиянын, нанатехнологиянын, гендик инженериянын жана жасалма интеллекттин заманы», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчынын пикиринде, мезгил азыр баарыбыздан маалыматтык цивилизациянын байкоочусу болбой, анын толук кандуу катышуучуларынан болушубузду талап кылууда.
Премьер-министрдин маалыматы боюнча, Дүйнөлүк банк 192 өлкөнү изилдеп чыгып, төмөнкүдөй кызыктуу жыйынтыктарга келген: 16% өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү – физикалык, 20% өлкөнүкү – табигый, ал эми 64% өлкөнүкү – адамзаттык жана социалдык капитал менен байланышкан.
«Мунун өзү өлкөнүн өнүгүшүндө жаратылыш байлыгы эмес, анын билимдүү жана интеллектуалдуу калкы – башкы аргумент болорун тастыктайт», – деп баса белгиледи Өкмөт башчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ