Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражаты мамлекеттин келечеги болгон балдар үчүн мектептерди курууга жумшалууда

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектепте жана Бишкек шаарындагы № 12 мектеп-гимназиясында коррупцияга каршы күрөш боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарынын эсебинен жаңы корпустар курулат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 27-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен аталган мектептерде жаңы корпустарды курууга капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чараларга жергиликтүү тургундар, мугалимдер, куруучулар катышты.

Сокулук районунун Орок айылында Мамлекет башчысы айылдыктар жана мугалимдер менен баарлашты.

«Ички миграциядан улам Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын орто мектептеринде окуучулардын саны көп болуп, мектептерге балдар батпай, чоң көйгөй бар экени маалым. Коррупция менен күрөштөн Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн акча каражатын мектептерди жана аларга кошумча окуу корпустарын курууга жумшайлы деп чечкенбиз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент дагы бир жолу коррупцияны түп орду менен жок кылуу мамлекеттин негизги максаты экенин белгиледи.

«Белгилүү мамлекеттик ишмер Корчубек Акназаров менен көзү тирүү кезинде жолугушканыбызда мага айтты эле: „коррупция — бул сары чырмоок чөптөй, аны түп орду менен жулуп жок кылыш керек“ деп.  Биз ал үчүн бардык аракеттерди көрөбүз, коррупцияга каршы күрөш уланат», — деп баса белгиледи Президент. Ал аймактардын эли менен жолугушууларда алар мектептердин, бала бакчалардын жетишсиздигин айтып, куруп берүүнү өтүнүшөрүн кошумчалады.

«Кийин Бирдиктүү депозиттик эсептин каражаттарын бала бакчаларды салууга жумшайбыз», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков келечекте ушул мектептердин бүтүрүүчүлөрү өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салымын кошчу татыктуу жарандар болооруна тилектештигин билдирди.

Учурда Сокулук районунун Орок айылында сабактар үч мөөнөттө өтүүдө, кошумча корпустун курулушуна ɵтɵ муктаж. Эки кабаттуу кошумча курулуш корпусу мектептин кубаттуулугун 500 окуучу орунга чейин жогорулатат.

Бишкек шаарынын № 12 мектеп-гимназиясы дагы окуу имаратын кеңейтүүгө абдан муктаж. Жалпы билим берүүчү мекеменин үч кабаттуу корпусу 385 орунга ылайыкталат. Курулуш иштерин 2020-жылы бүтүрүү пландалууда.

Эске салсак, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында түшкөн каражаттар үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылдын июнь айында ачылган.

Мамлекет башчысы борбор калаадагы мектептерге барганда коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке келип түшкөн каражаттар жаңы мектептерди же алардын имараттарына кошумча корпустарды курууга багытталарын белгилеген.

Жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында КР Билим берүү жана илим министрлиги 2019-жылга карата республика боюнча курулуш иштери баштала турчу 15 мектептин тизмесин түздү. Алардын 7си Бишкек шаарында, 7си Чүй облусунда жана бирөө Ош шаарында.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: