Menu

Анжиян акимчилиги шаар башчысы интимдик сүрөт үчүн кызматтан кеткенин четке какты

Бөлүшүү:

Анжиян шаардык администрациясынын басма сөз кызматы шаар башчысы Дилмурод Рахматуллаевдин Интернетте тараган жылаңач сүрөттөрү фотошоп экенин билдирди.

Анжиян калаа башчысы Дилмурод Рахматуллаев 26-августта Эл депутаттарынын шаардык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясында кызматтан алынган.

Отурумга катышкан өз булактын билдиришинче, Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов депутаттарга Дилмурод Рахматуллаев “тургундардын арызы менен жумуш иштөөдө кетирген кемчиликтери үчүн” кызматтан алынганын жарыялаган.

Ал күнү жергиликтүү айрым басылмалар “Рахматуллаев жылаңач түшкөн сүрөттөрү Интернетте тарап кеткени үчүн жумуштан бошотулду” деп жазышкан.

Бирок сессияга катышкан анжияндык депутат жыйын учурунда жылаңач сүрөттөр тууралуу кеп болбогонун белгилеген.

Шаар администрациясынын басма сөз катчысы Гүлшан Кучкарованын билдиришинче, бул сүрөттөрдү калаа башчысы фотошоп деп атаган.

– Сүрөттөр Интернетте тараган учурда мен анын жанында болчумун. Ал сүрөттөрдү көрүп, катуу чочуду. Мен да, ал да сүрөттөр фотошоп экенин байкадык. Кимдир бирөө анын абийирин төккүсү келген. Дилмурод-ака бул үчүн абдан сарсанаа болуп, дипрессияга түштү, – деди ал.

Дилмурод Рахматуллаев 2016-жылы Анжиян шаарынын башчысы болуп дайындалган. Өзбекстанда ал кол алдындагы кызматкерлерин шылдыңдап, кагып-силккен аткаминер катары белгилүү болгон. Лицей жана колледждердин директорлорун сөккөнү үчүн ага 5 миллион сум же ал кездеги курс боюнча 650 доллар айыппул салынган. Былтыр 17-апрелде Өзбекстандын премьер-министри чиновникке акыркы жолу эскертүү берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: