Menu

Аттокуров Жекшеевди сотко берүүгө камынууда

Бөлүшүү:

Шейшемби күнү, тагыраагы 19-февралда КТРКнын башкы директорлук кызмат ордуна талапкер катары арыз берген Элдар Аттокуров маалымат жыйын өткөрдү. Ал өз сөзүндө КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеевди сотко берээрин билдирди. Аттокуровго байланышканыбызда: «Ооба, мен Жыпар Жекшеевди өз милдетин так аткара албагандыгы үчүн сотко кайрылып атам. Жекшеев отставкага кетсин деген демилгени көтөрдүм. Себеби, баарыңыздарга маалым болгондой КТРКнын директорлугуна 22 киши арыз берген. 19-февраль күнү Жыпар Жекшеев төрагалык кылган Байкоочу кеңеш арыздарды карап, 9 кишинин документи жарактуу деп, 13 кишинин документтери жетишсиз (1-2 документи кем) болгондуктан жараксыз, шайлоого катыша албайт деген чечим кабыл алган. Мен бул чечимге макулмун. Документи жетишсиз болгондордун ичинде мен да бармын. Бирок, Жекшеев мырза өзүм билемдик менен 10-15 минуттан кийин кайрадан карап, дагы 10 кишиникин жарактуу деп таап, 3 кишиникин жараксыз деген чечим чыгарып атат. 10 минут сайын чечим чыгара бергидей Байкоочу Кеңеш Жекшеевдин менчик уюмубу? Аксакалдык нарктан тайбаш керек эле. Бул кадамы менен регламентти, жобону бузуп атат. Байкоочу Кеңеш талапкерлердин документтерин кабыл алууну дагы шалаакылык менен уюштурду. Болбосо, мен баардык талаптар менен толук тапшырган документтерим кайда жоголуп кетет? Саясий чоң кызматка талапкерлер тандалып жаткандан кийин, документтерди урнага салып койгула дебей, ар бир талапкердин документин бирден карап, тыкыр текшертип кабыл алдырышы керек болчу Жыпар мырза» деген оюн билдирди.

Эгерде, Аттокуров сотко берип соттук процесс башталып кете турган болсо, КТРКнын директорун шайлоо дагы 2-3 айга созулуп кетпейби?..

Камчы Кадыров
Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: