Menu

Мискенбаев мандатын тапшырабы?

Бөлүшүү:

Түрдүү жоруктары ме­нен коомчулукту эриктирбеген КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаевдин соңку кездеги кадамдары жогорку жетекчиликке да жеткен экен, жакында ага карата партия жетекчилиги баш боло депутаттыкты сыпайы өткөрүп берүү талабын айтышканын эшиттик. Муну өзү да тар чөйрөдө “мени шефтер күзүндө депутаттыктан кет дешүүдө, мен креслого тырмышпайм, кетсе кете бе­рем” таризинде “бурк эткени” каңкууланды. Бизге жеткен күбүр-шыбырларга караган­да Мискенбаевге карата “Айкол-Ала-Тоо” коомунун айыптоосу анын депутаттык доорунун бүтүшүнө негиз боло турганы айтылууда. Эми курган жигит элчилеп миллиондорсуз эле депутат болгонуна топук кылып жүрө бербей, ырынан-чыры көп “Кыргыз Көмүр” чатагына башын салбай койсо болбойт беле? Баягы “ат көрбөгөн минип өлтүрө” деген макалдын образын жаратпай, напсисин тыйса депутаттык тынч тирилигин кылдыратып жүрсө жарашат эле го?

Булак: “Азия news

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: