Menu

Мартта Бишкекке 60 жаңы автобус келет

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын март айынын аяк ченинде борбор калаага 60 жаңы автобус келет. Бул тууралуу «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы Сатыбалды Хакимов билдирди.

Анын айтымында, келе турган автобустар газ менен жүрөт. Бир унаа жалпысынан 110 жүргүнчүгө ылайыкталган. Автобустардын баасы 72 миң долларды түзөт. «Кытайдын автобустарын алабыз. Алар Орусиянын автобустарынан кем калбайт. Тендердин негизинде 60 автобус алдык. Аларга тендердик комиссия жооп берет. Транспортто 30 орун болот, алар желимден жасалган эмес. Унаада мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга дагы шарттар каралган. Жаңы автобустар келсе жарандардын сунуштары каралып, эске алынат», — дейт Хакимов.

Анын билдиргенине караганда, шаардагы кичиавтобустарды толук алмаштыруу үчүн 800 даана автобус керектелет. Учурда шаар тургундарын 110 автобус тейлеп келет.

Хакимов шаардык мэрия жыл сайын 60 автобус сатып алса, 5 жылдын ичинде коомдук транспортко болгон муктаждык жоюларын белгилейт.

Маалыматка ылайык, калаанын автопаркы акыркы 10 жылдан бери жаңылана элек. Бишкек мэриясынын сайтында колдонуу мөөнөтү аяктагандыктан сатыкка чыга турган автобустар боюнча маалымат бар.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: