Өгөй атасы тарабынан сабалган алты жаштагы Рамазандын энеси баланы таштап кеткен. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, учурда таенеси баланын расмий асыроочуу болуп калды.
Ал 6 жашар Рамазанга жардам берген адамдардын арты үзүлө электигин кошумчалады.
“Рамазанга коркунуч жок, ага кайрымдуу адамдар дагы деле болсо тамак-аш, оюнчуктарды жана канцеляриялык буюмдарды жөнөтүп жатышат. Кыргыз элине чоң ыраазчылык. Кудай буйруса, эми Рамазанда баары жакшы болот», – деди жактоочу.
Белгилей кетсек, буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну Бишкек шаарынын Октябрь РИИБне 33 жаштагы күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Аялдын айтымында, анын күйөөсү 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү, болжол менен түнкү саат 00:00 чамасында 2014-жылы туулган жашы жете элек уулун эч себепсиз сабаган. Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө КР “Жүрүм-турумдар жөнүндө” кодексинин 75-беренесине ылайык катталган. Андан ары, иштин материалдары Сокулук районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ