14-октябрдан 23-октябрга чейин «Жаштарды өнүктүрүү институту» республикалык «Өзгөрүүлөр кербенин» өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Алардын билдирүүсүнө караганда, “Өзгөрүүлөр кербени” жаш тренерлерден турган жаштар кербени. Алардын максаты – жети облустагы окуучуларга, студенттерге атайын мотивациялык жолугушууларды уюштуруу жана практикалык тренингдерди өткөрүү менен лидерлик сапатын жогорулатуу, өз алдынчалыкка үйрөтүү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ