3-мартта “Ала-Тоо” кафесинде өткөн “Ай тамга Солто” уруусунун курултайында экс-премьер Темир Сариевдин сүйлөгөн сөзү:
– Кыргыз жери өзү ааламдын ичинде алакандай эле аймак. Алтындай болгон кыргыз элибиз бар. Биздин эң чоң байлыгыбыз – бул биздин басып өткөн жолубуз, 2200 жылдык тарыхыбыз, албетте, ошону баштан өткөргөн кыргыз элибиз. Эң негизгиси, эл ичинде ынтымак, биримдик болуш керек. Азыр дүйнөдө, ошол эле биз жашап жаткан чөлкөмдө атаандаштык абдан чоң. Биз ошо атаандаштыктан артта калбай, элибизди, жерибизди байытып, экономикабызды күчтөтүшүбүз керек. Экинчи айтаарым, «Ай Тамга Солто» коому бүгүн жаңыланып турат, менин бир тилегим: бөлүнбөй, анча-мынча жаман сөздөн алыс болуп, биримдикти кармайлы.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ