Акрам Мадумаров Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Кадамжай районунда 5 жыл аким болгон Акрам Мадумаров 2017-жылы сырдуу жагдайлар менен өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарлык кызматына дайындалган болчу. Ошол кезде аны атактуу “шопур” Илмиянов көтөрмөлөп келгени айтылган. 2017-жылдан ушул күнгө чейин Кадр кызматын аркалап, деңгээли, иш-аракети ортозар чиновниктердин катарын толуктап келаткан. Өзгөчө чек ара көйгөйү менен кыйналып келаткан алыскы Баткендин элин Мадумаров деле жыргатып жибербейт. Чамасы чарк. Негизи өкмөт чече албаган маселени губернатор кайдан чечсин. Мадумаровдой болуп өзгөчө ыкмалар менен чоң кызматка илешип алгандар, өлбө жаным, өлбө деп иштеп, жыргап жүрө беришет да.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ