Эки күн мурун Эмилбек Каптагаев «Фейсбуктагы» баракчасына экс-президент тууралуу пикирин жазып чыкты. Өзгөртүүсүз сунуштайбыз…
—Атамбаев Арашан элин чогултуп алып арманын дагы «төгүптүр». Асылбек Жээнбековдун СДПК партиясынан чыгышын бир топ нервденүү менен кабыл алган экс-президент Медет Садыркуловдун өлүмүн мисал кылып төмөнкүдөй ой-жүгүртүүсүн элге таңуулагысы келди: —Жээнбековдор амалкөйлүк кылууда. Алар Медет Садыркуловдой өлтүртпөй, тескерисинче кишилерди түрмөгө камап коюуда деп оозу-мурду кыйшайбай туруп сүйлөп койду. Ушул жерден суроо жаралат – а ким Текебаевди, Дүйшөн Чотоновду жөн эле каралоо менен ак жеринен түрмөгө камады? Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Садыр Жапаров, Карганбек Самаков сыяктуу бейкүнөө түрмөдө жаткандар уулдарыбыздын саны 30дан ашат. Атамбаев тарабынан камалгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип отурат. Ал өзү бул факттан кантип моюн толгой алат?
Чын-чынына келгенде Атамбаевде эки жүздүүлүк жана апыртмалык жактан чек жок экен. Келесоо болумуш болуп койсо эл түшүнөт, бирок мен акмын, меники – туура дегени азыркы учурду эске алганда такыр туура эмес.
Камчы Кадыров
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ