УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча сот отуруму Бишкек шаардык сотунда каралып, бирок бул жолу да соңуна жетпей, кийинкиге жылдырылды.
Сотто күбө катары соттолуучуга өлүмгө жеткирчү диагноз коюлганын тастыктаган ЖАМКнын медсанчастынын жетекчиси суралды. Ал Суталиновдун чынында оор дартка кабылганын жана ага медициналык көзөмөл керектигин билдирди.
Айтымында, Суталинов 2018-жылдан бери медициналык бөлүмдө дарыланып жатат. Ага оң бөйрөктүн 4-стадиясындагы рагы деген диагноз коюлган. Медицина мындай учурда дартты айыктыра албайт, бирок анын күчөп кетишин токтотот.
Башка да күбөлөр соттолуучунун оор дартка кабылганын айтышты. Дагы бир күбө Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги комиссиянын төрагасы сотко келбеди. Ошондуктан, сот 15-апрелге жылдырылды.
Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча кармалып. 25 жылга үй-мүлкүн конфискациялоо менен соттолгон.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ