– Исхак Абсаматович, учурда ТЭЦтеги коррупциянын айланасында соттук иштер жүрүп жатат. Сапар Исаков «биздин кармалышыбыз саясый куугунтук, айыбыбызды далилдеген бир дагы факты табыл ган жок» деп жатат. Бул боючна эмне айта аласыз?
– Сотто «ооба, менин күнөөм аныкталды» дегенди уктуңуз беле? Кылмыш жасаган адамды, керек болсо киши өлтүргөн адамды кармаган учурда деле «мен эмес» деп турат. Соттун табигаты ушундай. Мойнуна алган учур өтө аз кездешет. Ал эми ТЭЦтин айланасында карамалгандардын иши «кызмат абалына байланыштуу кылмыш» деп эсептелгенден кийин, алардын ишке (коррупцияга) аралашканы башкача каралат. Кол койгону, буйрук бергени, чечим кабыл алганы. Ушунун баары кылмышка кирет да. «Жеп койдуң, жеген жоксуң» деген маселе коюлган жок бул жерде. Тийиштүү органдар жалпы жоготуу 111 млн. доллар деп айтса, ошол аракеттерге кимисинин кандай салымы бар экенине баа берилет. Ошон үчүн соттойт. Ал эми жеп койгонун тапса, эчак эле кустурмак. Ошондуктан, Сапар Исаковдун«күнөөбүз далилденген жок» деп айтаары турган сөз.
– Күнөөлөрү далилденеби, же?..
– Болушу мүмкүн. Мен «тергөө таза болду, кынтыксыз болду» деп баа бере албайм. Себеби, материалдарды билбейм. Тергөө иштери менин да башымдан өткөн. 2010-жылы революциядан кийин мени камаганда, эки жума камакта отуруп, бир жыл соттошуп жүргөндө эсимде калган, тергөө органдары саясый заказ аткарганга дайым даяр.
Динар Турдугулова
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ