Бүгүн, 4-апрелде таажывирусту жуктуруунун 14 жаңы учуру катталган. Вирусту жуктургандардын арасында 9 дарыгер бар. Республикалык штаб таажывирусун жуктуруп алган кызматкерлер кайсы аймактарда иштегени тууралуу айтты.
Вирусту жуктуруп алган 9 медициналык кызматкерлер: Жалал-Абад облусунда – 7, Бишкек шаарында – 1, Ош облусунда – 1 иштешкен.
Кыргызстанда жалпысынан 144 адамдан таажывирусу аныкталган. Алардын ичинен 6 бейтаптын абалы оорлошуп, жандандыруу бөлүмдөрүнө жаткырылган. 9 адам таажывирусунан сакайып, 1 жаран илдеттен улам көз жумган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ