Menu

Гонконгдон келген сырдуу жүк!

Бөлүшүү:

Түркиянын MyCargo авиакомпаниясынын Башкы директорунун орун басары Х. Тыглайдын бүгүнкү билдирүүсү абалды дагы да табышмактуу тарапка багыт алуусуна түрткү берип отурат.

Бир күн мурда

Белгилеп кетчү жагдай 19-январда MyCargo авиакомпаниясы официалдуу түрдө кат менен СУ дачасында кырсыкка учураган Боинг-747 учагы тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн ЖМКга тараткан маалыматтарынын жалган экендигин баяндоо менен ал маалыматтарды төгүндөө үчүн кат аркылуу жалпы коомчулукка кайрылуу жасап жатат.

Ал кайрылуу катындагы билдирүүлөрдөн төмөндөгү үч пункт көңүлүбүздү бурууга арзыйт.

-Boeing 747-400 жүк учагын үч эмес эки учкуч капитан башкарат, анткени учактын дизайны да ошого карап жасалган. Гонг-Конг менен Бишкектин аралыгы 6 сааттык жол жана кошумча учкучка муктаждык туулган эмес. Демек, кечээги каттамда эки учкуч, бир техникалык адис жана бир жүк адиси кызматта болчу.

-Кечээги каттам Бишкек-Манас аба майданына мекемебиз тарабынан алгачкы учуш эмес болчу. Буга чейин эле Boeing 747-400 моделдүү учактар Бишкек-Манас аба майданына  52 жолу каттам жасашкан.

-Учагыбызда кошумча жерлерге конуп кайра учууга да, жолго да жете турган кара май бар болгон деп так жана ачык билдирүү жасап жатат.

Бир күндөн соң

MyCargo авиакомпаниясынын официалдуу кат жүзүндөгү билдирүүсүн жөнөткөнүнө 1 күн өтүп-өтпөй авиакомпаниянын Башкы директорунун орун басары Х. Тыглай Кыргызстанга өзү келип ЖМКга билдирүү жасап атат. Эгерде кыйроого учураган учакка карата билдирүүлөрү жөнөткөн катындагы билдирүүдөн айырмаланбаса мейли эле бирок Х. Тыглай бүгүнкү билдирүүсүнүн багыты 180 градуска өзгөргөндүгүн байкап отурабыз.

Бүгүнкү билдирүүсүндөгү көнүл бурчу үч жагдай:

-Учкучтарды алмаштырууну көздөп учагыбыз конүүга аракет жасагын.

-Учактагы жүк Стамбулга жеткирилмек.

-Учак Манас аэропортунан заправка кылмак

-Жүк толугу менен камсыздандырылган (старховка)

Эми өзүңүздөр салыштырып анализ кылып көрүңүздөр. Жогорудагы катта биз баса белгилеген уч пунттагы билдирүүсү тең Теңирден тескери өздөртүүлөргө учураган. Бул билдирүүлөрү жүктүн сарынын тереңде жаткандыгынан кабар берип, табышмактуулугун деңгээлин арбытпай койгон жок.

Билдирүүсүн эмнеге өзгөрттү? Божомолдор…

Х. Тыглай мырза бүгүнкү билдирүүсүндө жүк камсыздандырылбастан (страховка) чактар абага көтөрүлбөстүгүн жана бул абажолдорунун башкы эрежеси экендигин баса белгиледи. Учактагы 85 тонна жүк толук кыйроого учурап, ал жүктөн 300 кг гана жүк аман калганын эске алсак, камсыздарндырылган жүктүн чыгашаларын ээсине авиакомпания толугу менен кайтарып бермек. Камсыздардыруу менен Кытайдан келаткан салмагы 85 тоннаны чапчыган электоро-техниккалык бир жүк. Жүктүн ээлерине кыйраган жүктүн чыгашасын төлөп берүүдө авиакомпания канча миллиондук долларга зыян тартмак? 6, 7 нөлдүү же 8 нөлдүү суммага зыян тартмакбы? Ал дагы азырынча сыр.

Эгерде жүк Кыргызстанга келип түшүрүлмөк болуп, контрабандалык жүктүн айынан 37 адамдын өмүрү кыйылып, 20га жакын үй бүлө үйсүз калып жаткан жокбу? Эгерде чындап эле Гонконгдон алып келинген жүк кыргызстандыктардын бирине тийешелүү болсо, анда ал жүктүн контрабандалык жол менен алып келинип жаткандыгы ачыкка чыгат. Кыргызстанда  аэропорт аркылуу контрабанда менен алектенүүгө кимдин эрки жетиши мүмкүн?  Бул суроого жооп издөөдө оюңа саясаттагы бир канча адамдын фамилиясы гана келет. – Төрөбаевби? –Жоок, Ал эч убакта капкандан бекер сырды алып жебейт, анткени андан кийин чычкандын тарыхы эмне болоорун ал жакшы билет. –Балким чоң муштум Сулайманов болуп жүрбөсүн? -Дагы бир жолу жок. Анда ким мынчалык жогорку деңгээлдеги контрабанда менен шыгуулдануусу мүмкүн. Ойлонбостон жооп берчү бир гана жооп бар, Ал: күч органдарды (Чек ара кызматы, Бажы, МВД, ГКНБ) ким башкарса, ошодо гана мындай мүмкүнчүлүк бар. Анткени аэропорттон ГКНБнын кабары жок чычкан дагы кыргызстанга кадам баса албасы белгилүү. Демек ал өтө таасирлүү адам болуусу керек. Изин жашыруу үчүн үчүн баардык ыкмаларды колдонуусу мүмкүн. MyCargo авиакомпаниясынын Башкы директорунун орун басары Х. Тыглайдын бүгүнкү Теңирден тескери билдирүүсү дагы ал адамдын изин жашырууга болгон аракетинин натыйжасы болуусу ыктымал. Балким жүктүн ээлери камсыздандырылган жүгүнун чыгашасын төлөп берүү милдетинин ордуна авиакомпаниянын жогорудагыдай билдирүүсүнө айырбаштоосу дагы ыктымалдардын катарын толуктайт.

Сырдуу жүк, сыр бойдон калабы?

Кечээ күнү Ата Мекен фракциясынын сунушу, Өнүгүү жана Бир-Бол фракцияларынын лидерлеринин колдоосу менен “Гонконгдон ташылган жүктүн” чоо жайын изилдөө үчүн үлкөн депутаттардан турган комиссия түзүлдү. Бул сырды чечүүгө жасалган чоң кадам болду.

Депутаттык комиссия АСТ Airlines компаниясынын бүдөмүк билдирүүлөрүнөн кийин эле ишмердүүлүгүн токтотуп койбостон, официалдуу Түркия жана Кытай тарапка бул маселени иликтөөгө көмөк көрсөтүүсү үчүн официалдуу түрдө түрдө карылуусу керек.

Кантип кайрылууга болот?

Эгерде тек гана Түркия тууралуу сөз кыла турган болсок. Кыргызстан ТүркПАга мүчө. Ал байланыштар аркылуу кыйроого учураган жүк Кыргызстанда контрабандага шектелип жаткандыгын жана буга чейинки Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу АСТ Airlines ташыган 52 рейстеги жүктөр дагы толугу менен Түркияга түшүрүлүп, импорттолгон электр-техникалыкалары бажы салыгын төлөшкөнбү же аларга дагы жүктөр контрабандалык жол менен кирип жатабы таризиндеги бир топ суроолорду тизмектеп туруп, официалдуу кайрылуу жөнөтсө, чынды сүттүн каймагындай болуп калкып чыгаары белгилүү.

Бектур Базакечов, “Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: