Menu

Тажикстанда SIM-карталардын баасы 50 эсеге кымбаттайт

Бөлүшүү:

Тажикстан бийлиги 20-августтан тарта SIM-карталардын наркын 250 сомониге ($26) чейин көтөрүүнү пландоодо. Бул азыркыга салыштырмалуу 50 эсеге кымбат.

Өлкөдөгү үч ири мобилдик оператор бул маалыматты тастыктады. Тажикстан ИИМи бул чечим 29-июлда Дангарадагы чет өлкөлүк туристтерге кол салуудан кийинки “коопсуздук чараларын” күчөтүү менен байланыштуу экенин билдирди.

Алгач SIM-карталарды 1000 сомониге ($104) чейин сатуу сунушталган, бирок талкуу учурунда анын баасын төмөндөтүүнү чечишкен.

“Айрым абоненттер номер алмаштырганды жакшы көрөт, SIM-карталардын баасын жогорулатуу мунун алдын алат. Мындан тышкары тажик операторлорунун SIM-карталары колдон колго өтпөй калат”, – деди Байланыш кызматынын өкүлү.

Мобилдик операторлордун биринин өкүлү “Азаттыктын” тажик кызматы менен сүйлөшүү учурунда айрым абоненттер орус же кыргыз SIM-карталарын сатып алып, ромингге туташтырып алышы мүмкүн экенин, бул алда канча арзан түшөрүн божомолдоду. Кыргызстан менен чектеш район жашоочулары мындай ыкманы азыр эле колдонушат.

9 миллион жашоочусу бар Тажикстанда 4,1 миллион активдүү абоненти бар. Учурда өлкөдө төрт мобилдик компания иштейт.

29-июлда автоунаа Дангара районунда велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун сүзүп кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жаракат алган.Тажикстандын ички иштер министри автоунаадагы адамдар туристтерди сүздүргөндөн кийин аларга курал жана бычак менен кол салганын билдирген.

Туристтердин өлүмүнө себепчи болгон айдоочу жана автоунаадагы башка адамдар окуя болгон жерден качып кетишкен. Бирок көп өтпөй 21 жаштагы жигит колго түшкөнү белгилүү болгон. Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: