Menu

Ушул тапта ашуулардагы кардын бийиктиги канча? ӨКМдин жообу

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө негизги автоунаа жолундорунда ашуулардагы  кардын бийиктиги боюнча ӨКМ кыскача маалымат таратты.

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы 121-128 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 10-35 см, түштүк тарабында 132-137 чакырымдарында 15-55 см түзөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тонгон.

Өтмөк-Талас автоунаа жолундагы 0-14 чакырымдары (Өтмөк) ашуусунда кардын орточо бийиктиги 8-37 см түзөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тонгон.  

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-246 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 10-42см түзөт.

Бишкек-Торугарт авто унаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-28 см түзөт. Жол ачык.

Каракол-Эңгилчек автоунаа жолундагы 55-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо бийиктиги 5-25 см түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.

Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунунун Сөөк ашуусу  62-68 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-18 см түзөт, жолдор тайгак болуп муз тонгон. Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 2-12 см түзөт.

Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолундагы 75-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусунда) кардын орточо бийиктиги 5-26 см түзөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: