Мамипотеканын жетекчиси Бактыбек Шамкеевдин былыктары бир чекеден казыла баштады. Кудайдан жөө качкан кызталак, каражатты оңбогондой эле сапырыптыр. Буга чейин директорлор кеңеши эки ирет ишин канааттандырарлык эмес деп таап, прокуратурага кайрылышкан, бирок карачечекей кайниси, азыркы спикер Дастан Жумабековдун колдоосу менен аман калган экен. Албетте, кекиртегин тыйбаган немени ким болбосун түбөлүк коргой албайт да, калкалай берип тажаган кайниси кол шилтеген окшойт, кыңыр иштери боюнча суроо салалы десек бети дулдуйган Шамкеев: «жакында кызматты тапшырам» деп бүлкүлдөдү. Түйүнчөгүн түйүптүр, бирок мындай немени качырып жибербей кармаш керек. Куссун да…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ