Кыргызстан агрардык өлкө экени белгилүү. Ошонун арты менен бизге келген тышкы инвесторлордун көбү, дал ушул багыттарда болоору чындык. Бишкекке келген Кытай делегаттарынын айрымдары биздеги мүмкүнчүлүктөргө жараша органикалык-минералдык жер семирткич чыгарган завод куруу сунушун киргизген.
Министр Эркинбек Чодуев аталган маселени талкуулоо үчүн “Бэй Доу Цзя” атгуу Хэбей компаниясынын төрагасы Чжао Сюецзюнь менен жолугуп эки тараптуу кызуу талкуу жүргүзүштү. Министр бул долбоорду ишке ашырууга бардык күчүн жумшай турганын белгиледи. Ал эми Чжао Сюецзюнь дагы долбоорду ишке ашыруу боюнча маселелерди чечүүгө кызыкдар экенин айтты. Кыргызстан мындай жер семирткичтерди Өзбекстандан импорттоп келет.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ