Кечээ, 21-июнда узун элдин учуна белгилүү өнөрпоз Атай Өмүрзаков жетектеген «Totem Show» бий тобу дүйнөлүк «World’s Got Talent» таланттар шоусунун финалына чыкты. Бул тууралу Kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Атай Өмүрзаков өзү билдирди.
“Биз бул шоунун 2019-жылдагы сезонунун эл аралык эң мыкты 8 артистинин тизмесине кирдик. Бул долбоордо дүйнөнүн 50 өлкөсүнүн өнөрпоздору катышышты. Сынактын жарым финалында биз Венгрия, Монголия, АКШ, Испания жана Ирландия өлкөлөрүндөгү улуттук таланттар шоусунун сынактарынын жеңүүчүлөрү менен ат салыштык. Эми биз финалга даярдана баштадык. Финал 11-июлда Кытайдын Чанша шаарында өтөт”, – деди Атай Өмүрзаков.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ