Menu

Аттестаттардагы каталар үчүн “Учкундун” кызматкерлери жазаланды

Бөлүшүү:

“Учкун” басмаканасынын директору Даир Кенекеев басылма аттестаттарды “окончил среднюю реднюю школу”- деген ката жазуусу менен бастырганын мойнуна алды. Ал муну “адамдык фактор” деп атады.

“Мындай ката жазылган аттестаттардын саны болгону 24, алардын баары Нарын облусундагы Туз айылынын мектеп окуучуларына берилген. Ар бир документ билим берүү министрлиги менен макулдашылат, ал “среднюю реднюю” деп жаза алмак эмес. Бул биздин ката жана муну мойнубузга алабыз”,- деди директор.

Мындан тышкары, ката менен басылып чыгарылган аттестаттардын 24 экземпляры үчүн документтердин жекелештирүү бөлүмүнүн башчысы жумуштан алынган. Кенекеев билдиргендей, бардык 24 документ тең анын эсебинен кайра бастырылган.

Ал “жөнүндөгү” деген сөздөгү “Н” тамгасын “Ң” деп алмаштырып жазылган катаны басма кетирбегенин кошумчалады. Анын айтымында, “Ң” тамгасы жазылган аттестаттар КР Билим берүү министрлиги менен макулдашылган.

Анткен менен басмакананын үч корректору кызматынан бошотулган. Дагы үч кызматкери иштин ички регламентин бузгандыгы үчүн жазаланган.

“Ал эми “н” тамгасы боюнча бүгүнкү күндө бир да ата-эне, мугалимдер “н” тамгасынан ката кетти деп бизге кайрыла элек. Эгер кайрылуу түшсө алмаштырып беребиз. Азыркы учурда бизде катасы жок беш миң бланк бар. Эгер 61 миң экземплярды алмаштыруу тууралуу сөз болсо, анда бул маселе КР Билим берүү министрлиги менен биргеликте чечилет”,- деп билдирди Кенекеев.

Мурдараак Финпол мектеп аттестаттарындагы “Ң” катасы кетирилген документтерден улам “Коммерциялык уюмдарда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча сотко чейинки иликтөөнү баштаган.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: