Menu

Министр мырза быйыл тоннель оңдолобу?

Бөлүшүү:

Өткөн сандарыбызда «Жол министри Бейшенов барбы өзү» деген макала чыккан. Анда Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннельдин жолунун тамтыгы чыгып, талкаланганы боюнча жазылган. Ал макалага жолдор министрлиги төмөндөгүдөй жооп берген эле: “Транспорт жана жол министрлиги макаланы карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет. Бишкек-Ош автожолунун Төө-ашуудагы тоннелдин ичинде чуңкур-чөнөктөрдү оңдоп-түзөө иштери жыл сайын жүргүзүлүп турат. Бирок бул жолдо автоунаалардын интенсивдүүлүгү жогору болгондуктан, жол тилкеси бат эле деформацияга дуушар болууда.

2019-жылы тоннелдин ичиндеги жолду асфальттоо үчүн №9-Жол тейлөө мекемеси
тарабынан бир нече жолу тендер жарыя кылынып, тилекке каршы, ага эч ким катышкан эмес. Бүгүнкү күндө тоннелдин ичине асфальт төшөө үчүн каржы маселесин чечүү үстүндө иш алып барылууда” – деп.

Бирок бүгүнкү күндө жолдор министрлиги тарабынан эмне иш алып барып жаткандыгы тууралуу маалымат жок. Балким өз арбайларын согуп аракетин жасап жатышкандыр. Бирок убакыт деген убакыт. Убакыт өтүп атат. Тоннелдеги жол талкаланып, тамтыгы чыгып бүттү. Айдоочуларга ыңгайсыздык жаралууда. Эртең эле күн сууйт. Урматтуу министр мырза аракетиңизди бүгүндөн баштап көрүңүз, эртең кеч болуп калат.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: