Кыргызстандык аял «адамдын органдарын сатты» деген шек менен Казакстанда кармалды. ЖМКлардын жазганына караганда бул боюнча чет элдик компания иш алып барган жана донорлор кыргызстандык, тажикстандык жарандар болгон. Аял донорлордун котормочусу Гюлгон деп айтылууда. Аны Казакстандагы белгилүү трансплантолог Гани Куттымуратов менен кошо кармашкан. Алар көмүскө, тагыраагы, мыйзамсыз трансплантологияга шектелүүдө. Маалымат тараткан телеканалдын айтымында, чет элдик компания иштеген схемада дарыгерлер – казакстандык, реципиенттер – израилдик, ал эми донорлор – кыргызстандыктар менен тажикстандыктар болгон.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ