1985-жылдын февраль айынын суук күндөрүндө элдин жүрөгүн тоңдурган мүшкүлдүү кабар теребелди каптады. Вильнюста тасмага тартылуу үчүн жүргөн белгилүү актер Талгат Нигматулинди өлтүрүп кетишиптир деген суук “жаңылык” желдей тарады.
Көрсө Абай Бөрүбаев деген “шарлатандардын атаманы” баш бербей койгон актерду мыкаачылык менен өлтүртүптүр. Албетте, өзү башында турганы да маалым болду. Денесинин тамтыгы жок, ар жери бычак менен сайылган актердун ошондогу абалын көргөндөр ушунчалыкка да барышкан шүмшүктөр бар экендигине баш чайкашыптыр. Болгону 35 жашында, чыгармачылыгы гүлдөп турган маалында өмүрү менен коштошкон жердешибизди эстегенибиздин жөнү бар. Кызыл-Кыяда туулуп, жетилген актердун бала чагы оор күндөргө туш болгон. Араң эле жаны бар бул баланы шылдыңдашып, ар кандай атка кондурушканы жанына баткан Талгат акырындык менен өзүнө келип машыгууга өтөт. Ошентип жүрүп эңсеген тилегине жетип, спорттун чебери катары тааныла баштайт. Кийин тасмаларга тартылып, дүйнөлүк алкактагы кино-жылдызга айланат. “Жыйырманчы кылымдын пираттары”,”Бөрү зындан” деген тасмаларда аткарган ролдору көрүүчүлөрдүн көкүрөгүнө сиңип кетет. Ал тасмаларды көргөн адам актердун чеберчилигине сөзсүз суктанар эле.
Баса, анын түбүнө жеткен мыкаачылар катуу жазага тартылышып, ал эми бул топтун башында болгон Абай Бөрүбаев түрмөдө учук оорусуна чалдыгып каза болот. Башкаларынын деле тагдыры жакшы жагына бурулбай өз кылган күнөөлөрү үчүн Кудайдын каарына калышат. Тилекке каршы кырчындай курагында айбандардын курмандыгы болуп калган атактуу актер өз максатына жетпей калганы өкүндүрөт. Чынында дагы далай омоктуу, курч ролдорду аткарып кинонун ажарын ачмак. Аз жашаганы менен саз жашаган Талгат Нигматулин быйыл 5-мартта 70 жашка чыкты. Негедир аны эстеген деле жан болбоду. Ошентсе да биз колдон келишинче актерго көңүл буруп койуну эп көрдүк. Буйруса, кийинкиде ал тууралуу жакын билген адамдардан маек курууну пландаштырдык. Андан бери туура отуз беш жыл өтүптүр. Сааты чыкса анын жары Венера, кызы Линда тууралуу кызык кеп курарбыз. Ашыкпай күтө тургула, аз калды.
С. Жороев
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ