Укук коргоо органдары Өзбекстандагы ЛГБТ-коомчулугун коргоо үчүн Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жолдогон Шохрух Салимовду издеп жатат.
Учурда Түркияда жашаган Салимовдун билдиришинче, милиция кызматкерлери анын туугандарынын үйлөрүнө барышып, камоо үчүн аны издеп жүрүшкөнүн” айтышкан. Буга чейин Шохрух Салимов Шавкат Мирзиёевге кайрылып, Өзбекстандын Кылмыш кодексинен “гомосексуализм” беренесин алып салууну суранган.
Салимов Өзбекстанда жашаган үй-бүлө мүчөлөрү анын гомосексуализмге карата көз карашын колдобосун, буга байланыштуу алар менен катташпай турганын айтты.
Райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлү Шохрух Салимовго кылмыш иши козголбогонун ырастады. Бирок милиция кызматкерлеринин анын туугандарынын үйүнө барышы тууралуу комментарий берген жок.
Өзбекстанда “гомосексуализм” үчүн бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Лесбияндар жана гейлердин эл аралык ассоциациясы (ILGA) 2017-жылы Өзбекстанды гомосексуализмди кылмыш катары эсептеген өлкөлөрдүн катарына киргизген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ