Жаңы кодекс деген чыгып, эми камактагы айтылуу коррупционерлердин баары биринин артынан экинчиси үй камагына чыгып жатат. Бул жазаны шылдыңдагандык болот, дили бул таза элге урулган сокку болот! Тигине, Генпрокуратуранын эң чоң кызматкери Кылычбек Арпачиев деген неме үй камагына чыгып жатат. Бул кылмышкер бирөөлөрдөн 200 миң доллар пара сурап, анын 100 миңин алып жаткан жеринен колго түшкөн да 14 жылга кесилген! Мындай кылмышкерлер 14 жыл бою түрмөдан чыкпай жатыш керек эмес беле?! Шоруң курган бийлик жаңы кодекс кабыл алам деп баш-аягын да таппай калды! Эми миллиондорду жегенге кенен жол ачылды. Ошол миллиондорду жеп, эки-үч жыл камалган болуп анан бошонуп кетсе боло берет экен да.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ