Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын кызматкерлери жана «Эко Деми» коомдук фонду бүгүн, 21-сентябрда, Бишкек шаарындагы «Жаштар» сейил багынын аймагында ишембилик өткөрүштү. Бул тууралу КР Президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.
Иш чара Дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өттү. Сейил бактын аймагы тазаланып, таштандылар чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ