Menu

Ферганада район башчысы дыйканды сабап, дагы 30дан ашык дыйканды камоону буюрду

Бөлүшүү:

Фергана облусунун Язъяван районунун башчысы Юлчибай Боййигитов 7-ноябрга караган түнү болгон жыйын маалында жергиликтүү дыйкан Курбонали Жураевди сабап, район прокуроруна ага каршы кылмыш ишин козгоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу аталган жыйынга катышкан башка дыйкандар билдиришти.

Алардын айтымдарында, Курбонали Жураев пахта тапшырбагандыгы үчүн сабалган. “Район башчысы дыйканды арыз жазып, жерин өткөрүп бериши керектигин айтты. Ал планды аткара тургандыгын, жерди бербестигин билдирди. Ортодо уруш чыгып, район башчысы прокурор жана милиция жетекчисинин көзүнчө дыйканды сабай баштады. Андан соң Курбонали Жураев кармалып, эртеси эртең мененкиге чейин милиция бөлүмүндө кармалып турду», — деди дыйкандардын бирөөсү.

Ал 6-ноябрдагы жыйындан кийин район башчысы милиция жетекчисине пахта нормасын тапшырбаган отуздан ашык дыйканды камакка алуу буйругун бергенин кошумчалады.

– Отуздан ашык дыйканды райондук милиция бөлүмүнө алып барышып, түнкү саат үч жарымга чейин кармашты. Алардын арасында мен да бар болчумун. Ал жактан биздин тизмебизди түзүп, андан соң кое беришти», — деди ал.

Бирок Язъван райондук ички иштер башкармалыгынан дыйкандар кармалгандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагышты.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: