Жекшемби, 22-сентябрь күнү болжол менен саат 09:40 чамасында милицияга Ош облусунун аймактык ооруканасынан билдирүү келип түшүп, анда Ош облусунун 1990-жылы туулган жашоочусу денесинен жаракат алып түшкөндүгү маалымдалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Чакырууга барышкан милиция кызматкерлери тарабынан жаран Р. уулу Т. бел тарабына ок атуучу куралдан жаракат алгандыгы такталган. Аны оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которушуп, операция жасашып, учурда травматалогия бөлүмүнө которулду.
Аталган факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренеси (Саламаттыкка оор залал келтирүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Ал эми ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы жүргүзүүдө. Болжолдуу иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен бир нече жарандар суракка алынган.
Саламаттыкка оор залал келтирүү фактысы боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана башка экспертизалар дайындалды.
Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) аталган окуянын чоо-жайын аныктоо максатында сотко чейинки иликтөө жүргүзүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ