Menu

Трамп: «дүйнө эсине келиши үчүн» АКШ өзөктүк кубаттуулугун бекемдеши керек

Бөлүшүү:

Бейшембиде АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп «дүйнө эсине келиши үчүн» өзөктүк куралды түзүү боюнча Американын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чакырды. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды. Басылма белгилегендей, билдирүү АКШнын эскирип бараткан өзөктүк куралдарын модернизациялоо боюнча көп каражатты талап кылган аракеттерди колдоо үчүн сигнал болду.

Трамп Твиттердеги билдирүүсүндө дүйнө жүзү эсине келмейинче Кошмо Штаттар өзөктүк потенциалын кыйла бекемдеп, кеңейтиши керектигин айтты. Кийинчерээк анын өкүлү жаңы шайланган президент өзөктүк куралдын жайылуу коркунучу жана анын террордук уюмдар менен туруксуз режимдердин колуна тийишине жол бербөөнүн маанилүүлүгү тууралуу айткысы келгенин билдирди.

Кийинки он жылдык ичинде АКШнын баллистикалык ракеталардан, суу алдындагы кемелерден, бомбалоочу жана жерден учурулчу ракеталардан турган стратегиялык потенциалынын пайдалануу мөөнөтү аяктайт. Аларды колдоо жана модернизациялоого 30 жыл ичинде триллион доллар айланасында каражат керектелери күтүлүүдө.

Шаршембиде Трамп Пентагондун аскердик сатып алуулар менен алектенген өкүлү жана АКШдагы коргонуу боюнча эки ири жалданма компаниянын жетекчилери менен жолуккан. Жолугушуунун жүрүшүндө ал F-35 Lockheed Martin учагын куруу жана президенттик Боинг 747-8s – Air Force One учагын алмаштырууга кетчү чыгымдарды азайтуу жөнүндө сөз болгонун билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: