Кой-Таштагы окуяда башына таш тийип, оор жаракат алган Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келип, сүйлөй баштаган. Бул тууралуу ИИМдин медицина кызматынын башчысы Нурдин Метеров Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди. Анын айтымында, Самат Курманкуловдун колу, буттары кыймылга келе баштаган. Ал сүйлөй алганы менен толук калыбына келе элек.
Эскерте кетсек, 7-8-августта, Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда, Самат Курманкуловдун башына таш тийип, оор жаракат алган. Ага эки жолу операция жасалып, бир нече күн комада жаткан. 11-августта Орусиядан дарыгерлер келип, консилиум өткөрүшкөн, ошондон кийин Москвага которулган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ