Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Жалал-Абад облусунда РЭСтин юристи пара алып жаткан жеринен кармалган.
Алардын айтымында, аларга Базар-Коргон районунун Т.Н. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, ал Базар-Коргон РЭСтин С.Ж. аттуу юристи электр энергиясы үчүн карыз болуп калган соттук иш боюнча маселени оңго чечип берем деп акча талап кылганын билдирген.
Бул факт каттоого алынып, 2-октябрда Базар-Коргон районунун РЭСнин юристи 10 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш башталган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ