Menu

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова КЭРдин Айыл чарба жана айыл иштери министринин орун басары менен жолукту

Бөлүшүү:

2019-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчиси К.Бактыгулованын КЭРдин Айыл чарба жана айыл иштери министринин орун басары Цюй Дунъюй менен жолугушуусу өткөрүлдү. Тараптар айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын жана ШКУ, БУУ жана башка уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттешүүнүн маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

К.Бактыгулова Кыргызстандын инвестициялык саясаты жана экспорттук потенциалы тууралуу айтып берип, айыл чарба тармагындагы инвестициялык долбоорлорду берип, Кыргызстанга кызматташтык боюнча сунуштарды изилдөөгө КЭРдин Айыл чарба жана айыл иштери министрлигинин өкүлдөрүнүн сапарын уюштурууга үндөдү. Ошондой эле Элчи 2019-жылдын июнь айында КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында айыл чарба тармагындагы жана КРнын айыл чарба азыктарын КЭРге экспорттоо боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюулуусу жөнүндө белгиледи.

Ал эми Цюй Дунъюй айыл чарбанын алкагында илимий жана технология, кадрларды даярдоо, тамак аш коопсуздугу, мал чарбачылык, айлана чөйрөнү коргоо, айылдарды өнүктүрүү, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн оорулары менен күрөшүү тармактарында жана Түштүк-Түштүк кызматташтыгына көмөк көрсөтүүчү Фондусунун алкагында кызматташтыкты жандандырууну сунуштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: