Бүгүн, 21-июнда Тажикстанга чектеш Баткен районунун Кара-Бак айылында жашаган чек арачы апа Урулка Алимбаева көз жумду. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, Урулка апа атасынан калган 1 гектар өрүк бакты тажикстандыктардан коруп «чек арачы апа» деген атка конгон болчу. Тажик жарандары 1 млн сомдон ашык акча каражаттарын сунуш кылып «карыдыңыз, эми жерди бизге сатыңыз» дегенине карабай өмүрүнүн акырына чейин чек арада жашап, өз жерин өзгөлөргө бербей коруп келген.
Урулка апа 73 жашта болчу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ