Иллюстрациялык сүрөт
Сүлүктү шаарындагы шахтада газ чыгып, беш адам ууланганын жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Алардын билдирүүсүнө караганда, окуя болгон жерге куткаруучулар барып, бешөөн шахтадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп берген. Жабыркагандар Кош-Булак айылындагы ооруканага жеткирилгени менен дарыгерлер үч бир тууган эчак эле каза болуп калганын, эки адамдын абалы туруктуу экенин билдирген.
Каза болгон үч адам Сүлүктү шаарындагы бир туугандар болгон. Алар: Н.Я. 1975-жылы туулган, Ж.Я. 1977-жылы туулган, К.Я. 1979-жылы туулган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ