Колдоочу кожоң болсо кой деле такка олтуруп алат тура. Ары карап «маарап», бери карап “маарап” коюп олтура берет экен. Ал эми күндөр өтө берет. Ага карата коомчулуктан сын айтылып атабы, жектөө болуп жатабы, аны менен иши жок болот окшойт. Дегеним, Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаровдун дарегине бир топ сындар айтылууда. Бирок, бирине да кабагым кашым деген жок эй! Ооба, бул кадрды азыр өкмөт башчы Мухамметкалый Абулгазиев «өстүргөн». Кайда барса да көтөрмөлөп келет. Кандайча ишенимге ээ болгон, кандай кызмат өтөп берет, аны билбейбиз. Билгенибиз Теңизбек мырза өзүнө карата көрсөтүлгөн ишеничке суу сээп, Салык тармагындагы башаламандыкгы жаратууда. «Шефине» таянып алып баарын жайлай оереби? Же бул тармактагы ашмалтайлыкты Абулгазиев көрбөй жатабы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ