Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары “Ар кыл маселелер” саатында ар кайсы маселелерди көтөрүүдө. Анда экологиялык маселеси да каралды. Депутат Эмил Токтошев ордо калаадагы экологиялык абал жылдан-жылга оорлоп баратканын айтты.
“Азыр жалбырактар өрттөлүп, мончолорго пластик бөтөлкөлөр жагылып, үйлөрдү сапатсыз көмүрлөр пайдаланууда. Экологдор алардын баарын көзөмөлгө алышы зарыл. Бишкекте, айрыкча автомашиналардын көбөйүшү, көчөлөрдөгү автотыгындардын кыйла арбышы шаар тургундарын өтө тынчсыздандырууда. Ошондуктан, автомашиналардан чыккан уулуу заттардын ченемин өлчөгөн мекемелердин жетекчилери бул багытта кечиктирилгис чараларды көрүүгө тийиш», – деди депутат Э.Токтошев
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ