КР банктарынын 42.4% (60.3 млрд сом) кредит капчыгы орто мөөнөт эсептелген 1-3 жылга берилет экен. Берилген кредиттердин жалпы суммасы 142,2 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу 22-октябрда КРнын Улуттук банкы билдирди.
Экинчи орунда – үч жылдан ашык мөөнөткө алгандар – 58 млрд сом. 6-12 айга алган кредит мөөнөттөрдүн суммасы – 14,4 млрд сомду, 3-6 айга – 3,7 млрд сомду, 1-3 айга – 1 млрд сомду, бир айлык кредиттер – 2,2 млрд сомду түзгөн.
Убагында төлөнбөй калган кредиттердин суммасы – 2,6 млрд сомго жеткен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ