Дээрлик бир жарым жылдан бери кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл алына элек. Натыйжада, Кыргызстан биримдиктин мүмкүнчүлүктөрүнөн толук кандуу пайдалана албай жатканын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Москвадагы ЕАЭБдин жыйынында билдирди. Мындай кабарды кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы таратты.
Өкмөт башчынын ырасташынча, казакстандык кесиптештер менен болгон акыркы кезигишүүдө аталган маселени чечүүдө көмөк көрсөтүүгө макулдук берилген. Анткен менен чечимдин кабыл алынышына бардык тараптардан аракети керек. “Бул кырдаал белгисиз убакка создуктурулбашы зарыл”, – деп айтты Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр учурда Казакстандан кыргыз вагондору жана контейнерлери темир жолдо себепсиз кармалып жатканын ырастап, жалпысынан 244 контейнер жана 16 вагон кармалып турганын маалымдады.
Кыргызстан ЕАЭБге киргенде айыл чарба продукциясын мүчө өлкөлөргө тоскоолдуксуз экспорттой турганы ырасталган. Бирок казак тарап өлкөдө атайын лабораториялардын курула электигине шылтап, айрым товарларга чектөө коюп келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ