Соцтармактарда түрмөдө олтургандар мекеменин кызматкерлерин сабап жаткан видео тарап кеткен эле. Бул жөнүндө Жаза аткаруу мамкызматы өз пикирин билдирди. Аталган кызматтын басма сөз кызматы 4-ноябрда билдиргендей, бул видео Адилет Аманбеков деген аккаунттун Facebook баракчасына жарыяланган. Видео Кыргызстанда тартылган эмес. Ал аккаунт “Манас” аэропортундагы машиненин багажынан табылган киши денеси боюнча шектелгендер жатак абакта олтургандар экенин айтып, түрмөдө олтургандар менен түрмөчүлөрдүн мушташып жаткан видеосун тиркеп койгон.
Мамкызмат билдиргендей, эч бир түрмөлө мушташ болгон эмес. “Жаза аткаруу мамкызматы видеону жакшылап текшерип туруп, мындай түрмө Кыргызстанда жок деген жыйынтыкка келишкен”. – деп айтылат маалыматта. Ошондой эле аталган кызмат мындай провокациялуу жана жалган маалымат тараткандарга жоопкерчилик каралганын эскертишти.
Виедого шилтеме: https://bulbul.kg/video:64872
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ