Бишкек шаарындагы ЖЭБдин насостук станциясында кыздын жансыз денеси табылдыгы тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 6-ноябрда билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, 3-ноябрда, таңкы саат 07:00 чамасында 20-25 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Бирок, анын денесинде зордук-зомбулук белгилери болгон эмес.
Маркум кыздын белгилери боюнча милициянын маалыматы: бою болжол менен 165 сантиметр, арыкчырай, чачы кара жана узун, бети тоголок. Үстүңкү жаагынын оң жак бөлүгүндөгү тиштери туура эмес өскөн, сол бутунда кызыл жиптери бар билериги болгон, анда кишинин алаканы жана бак тартылган. Ал I love Moscow деген жазуусу бар көк түстөгү футболка, Sports деп жазылган кызыл сызыгы бар кара чолок шым, кызгылт көк түстөгү ич кийим, 36-38 өлчөмдөгү ак кроссовка..
Милиция кызматкерлери сүрөттөгү кыз тууралуу маалыматы бар бардык жарандарды байланышууга чакырат. Номурлар: 102-387, 0 (703) 222-622, 0 (702) 498-888, 0 (772) 847-336 жана 102 кызматы.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ