ЖКнын бүджет жанан каржы боюнча комитетинде кеңири жыйын болуп, ага өкмөт башчы М.Абылгазиев катышты. Депутат Садулла Нышанов электр энергия тармагындагы башкаруу саясатын өзгөртүү керектигин айтып, бул тармак өнүкпөй датканын билдирди. Бирок өкмөт башчы буга макул болбой, Улуттук энергохолдинг 4 млрд сом карызын жабууга далалат кылып жатканын айтты.
“Ал эми тариф саясатын айтсам, эл өзгөрө баштады, сапаттуу товар үчүн төлөш керектигин түшүнүп калды. Балким келечекте жашоочулар үчүн бирдиктүү баа, ал эми муктаж болгондорго өзүнчө баа каралат”, – деди премьер-министр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ